• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Улуттук банкта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес төлөм киргизүү талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Улуттук банкта Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин кезексиз отуруму болуп өттү.

Финансылык жөнгө салуу органынан маалымдашкандай, отурумда QR-кодду колдонуу менен төлөөлөрдү киргизүү жана аны өнүктүрүү, банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, төлөм терминалдарын жана QR-кодду колдонуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу маселелери, ошондой эле Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программанын иш-чаралары талкууланды.

Жыйын Улуттук банктын төрагасынын орун басары К.Куленбековдун жетекчилиги алдында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, коммерциялык банктардын жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Пикир

Оставить комментарий