• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Дүйнө чемпионаты (U-23): Балбан Абдымалик Карачев күмүш медалга татыды

Спорт 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Абдымалик Карачев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында күмүш медалга татыды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 57 кг чейинки салмакта катышты. Алгач 1/8 финалдык беттеште кытайлык балбанды 9:4 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.

Кыргыз балбаны 1/4 финалдык беттеште американын балбанын 1:1 эсебинде, жарым финалдык беттеште ирандык спортчуну 4:3 эсебинде утуп финалга чыкты.

Алтын медаль үчүн беттеште индиялык спортчу Чираг Чирагга жеңилип, өз салмагында күмүш медалга ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий