• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Дүйнөдөгү дзюдочулардын алдыңкы ондугундагы Эрлан Шеровдун жеңиштери

Спорт 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Париж Олимпиадасынын башталышына 4 күн гана калды. Жайкы Олимпиада-2024 оюндарынын программасына спорттун 45 түрү киргизилген. Кыргызстандык спортчулардын мелдештерге чыга турчу жүгүртмөсүнө көз чаптырсак, 31-июлда “Марсово поле” аренасында 90 кг салмак ченинде дзюдо боюнча беттештер өтөт. Ага өлкөдөн Эрлан Шеров катышат.

Күйөрмандар чыдамсыздык менен күтүп жаткан кыл чайнашкан мелдештерди утурлай 26 жаштагы дзюдочу Эрлан Шеров тууралуу кыскача маалымат сунушталат.

Өмүр баяны: Эрлан Шеров 1998-жылы 19-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн. Дзюдо боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. Бир нече жолу эл аралык мелдештердин байгелүү орундардын ээси. Шеров Париж Олимпиадасына лицензия ала турган 391 дзюдочунун ичинен 3974 упайы менен 9-орунга жайгашкан.

Спорттогу ийгиликтери:
• Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (U-18, 2015);
• Азия чемпионатынын коло медалынын ээси (U-21, 2017);
• Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (U-21, 2018);
• Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Нур-Султан 2022);
• Азия чемпионатынын коло медалынын ээси (Гонконг, 2024);
• Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси (Абу-Даби, 2024);
• Азия оюндарынын алтын медалынын ээси (Ханчжоу, 2022).

Пикир

Оставить комментарий