• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 374,6 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 374 млн 662 миӊ 721 адамды түзөт. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ал эми илдеттен 5 млн 662 миң 721 адам каза болгон.

Коронавирусту АКШда 74 млн 332 миң 396, Индияда 41 млн 92 миң 522, Бразилияда 25 млн 360 миң 647, Уулу Британияда – 16 млн 582 миң 363, Россияда 11 млн 547 миң 333, Италияда 10 млн 925 миң 485, Колумбияда 5 млн 871 миң 977, Индонезияда 4 млн 343 миң 185, Мексикада 4 млн 916 миң 143, Перуда 3 млн 196 миң 488 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий