• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Дубайга учкан «Эйр Астананын» учагы Алма-Атага кайтты

Дүйнө 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. Казакстандык «Эйр Астана» авиакомпаниясынын дүйшөмбү күнү эртең менен Алма-Атадан Дубайга учкан учагы техникалык себептерге байланыштуу аэропортко кайтып келди. Бул тууралуу авиакомпаниянын басма сөз кызматы билдирди.

“Бүгүн КС895 Алмата-Дубай каттамын жасаган учагы техникалык себептерден улам аэропортко кайтып келип, 08:33тө конду. Экипаж эл аралык коопсуздук процедураларынын баарын аткарды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Авиакомпаниянын маалыматы боюнча, учак 10:15те (07.15 мск) учуучу учакка алмаштырылат.

Учактын бортунда 133 жүргүнчү болгон.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий