• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Индонезияда кароосуз калган үйдүн ичинде диванда отурган адамдын скелети табылды

Дүйнө 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Индонезияда кароосуз калган үйдүн ичинде диванда отурган адамдын скелети табылганын Asia One порталы жазат. https://www.asiaone.com/asia/skeleton-found-sitting-couch-deserted-house-indonesia

Маалыматка ылайык, үй 2014-жылдан бери бош турган. Былтыр май айында үй ээсинин өкүлү келип, эшик алдындагы чөптү жыйнап кеткен. Бирок үйгө кирген эмес. 2020-жылдын 14-январында үйдү текшерүүгө келгенде терезелер сынык жана эшик ачык экенин байкаган. Үйдүн ичине киргенде диванда көк түстөгү суу өткөрбөгөн чапан кийген адамдын скелетин көргөн.

Анын жынысы жана каза болгондугунун себеби белгисиз. Полиция кызматы окуянын келип чыгышын изилдеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий