• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 12 млн адамга жакындады

Дүйнө 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 11 млн 839 миң 95 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандардын ичинен 544 миң 415 киши каза болгон. Ал эми 6 млн 320 миң 890 адам айыкты.

Коронавирусту АКШда − 2 млн 996 миң 98 киши, Бразилияда − 1 млн 668 миң 589, Индияда − 742 миң 417, Россияда − 699 миң 749, Перуда − 309 миң 278, Чилиде − 301 миң 19, Улуу Британияда − 287 миң 880, Мексикада − 268 миң 8, Испанияда − 252 миң 130, Иранда – 245 миң 688 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий