• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп каза болгондордун саны 233 миңден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктуруп каза болгондордун саны 233 миң 688 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ал эми COVID-19 илдетин дүйнөдө жалпы 3 млн 269 миң 667 адам жуктурган.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирусту эң көп адам АКШда жуктуруп, алардын саны – 1 млн 70 миң 32ни түзөт. Вирусту Испанияда 213 миң 435, Италияда 205 миң 463, Улуу Британияда 172 миң 481, Францияда 167 миң 299, Германияда 163 миң 9 , Түркияда – 120 миң 204, Россияда – 114 миң 413, Иранда – 94 миң 640, Бразилия – 87 миң 187, Кытайда – 83 миң 956 адам жуктурду.

АКШда коронавирусту жуктурган 63 миң 19 адам каза болду. Азырынча аталган өлкө каза болгондордун саны боюнча алдыда турат. Илдетти жуктурган Испанияда -24 миң 543, Италияда – 27 миң 967, Улуу Британия – 26 миң 842, Франция - 24 миң 410, Германия – 6 миң 623, Түркия - 3 миң 574, Россия – 1 миң 169, Иран - 6 миң 28, Бразилия – 6 миң 6 жана Кытайда – 4 миң 637 адам каза тапкан.

Пикир

Оставить комментарий