• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 6,6 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 6 млн 640 миң 960 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, илдеттен 2 млн 873 миң 651 жаран айыкса, 391 миң 285 адам каза болду.

Дүйнөдө коронавирус жуктургандар АКШда – 1 млн 872 миң 660 адам (каза тапкандар – 108 211), Бразилияда – 614 миң 941 адам (каза тапкандар – 34 021), Россияда – 440 миң 538 адам (каза тапкандар – 5 376), Улуу Британияда – 283 миң 079 адам (каза тапкандар – 39 987), Испанияда – 240 миң 660 адам (каза тапкандар – 27 133), Италияда – 234 миң 013 адам (каза тапкандар – 33 689), Индияда – 227 миң 029 адам (каза тапкандар – 6 363), Францияда – 189 миң 569 (каза тапкандар – 29 068), Германияда – 184 миң 472 (каза тапкандар – 8 635) жана Перуда – 184 миң 472 адамга жетти (каза тапкандар – 5 031).

Пикир

Оставить комментарий