• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Тамеки тарткан кош бойлуу айымдарга атайын витаминдер ойлоп табылды

Дүйнө 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Тамеки тарткан кош бойлуу айымдарга өздөрүнүн ден соолугун сактап калуу үчүн эң жакшы витамин ойлоп табышты, - деп жазат lenta.ru.

Кош бойлуу кезинде С витаминин көп кабыл алган аялдардын балдары төрөлгөндөн кийин өпкө оорусу менен аз ооруйт. Мындай тыянакты канадалык окумуштуу Падмая Суббарао жүргүзгөн изилдөөлөрдөн улам чыгарган.

Окумуштуу 300 тамеки чеккен кош бойлуу аялдар арасында байкоо жүргүзгөн. Бул аялдарды эки тайпага бөлүп, бирине С витаминин дайыма кабыл алуусун дайындап, экинчисине эч кандай пайдасы да зыяны да жок дарыга окшош затты берген. Алар төрөп, үч ай өткөндөн кийин С витаминин ичкен аялдардын балдарынын өпкөлөрү экинчи тайпадагы аялдардын балдарынын өпкөлөрүнө караганда 7-9% абаны жакшы айдаган.

Ошол менен бирге Суббарао белгилегендей, С витаминин көп өлчөмдө ичүү ымыркайлардын өпкө оорусунун алдын алат дегенден алыс. Ал тамеки чеккен айымдарга ден соолукка зыян алып келген бул жаман адаттан арылууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий