• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Дүйнөлүк аренада улуттук кызыкчылыктарды коргоо дипломатиялык органдарга жүктөлгөн – Садыр Жапаров

Аналитика 0

Быйыл Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 80 жылдыгын белгилейт. Албетте, бул дата учурдагы кыргыз мамлекетинин кайра түптөлүшүнөн баштап эсептелген убакыт. Эгерде, биз кыргыз мамлекеттүлүгүнүн накта тарыхына кайрылсак, кыргыздардын биринчи элчилиги 648-жылы Кытайда ачылганын тарыхчылар далилдеп келишет. Ошентип, 1375 жыл мурун кыргыз тарыхында кыргыз-кытай дипломатиялык мамилелердин тарыхы башталган. Маалым болгондой, Улуу Манас ар дайым бардык коңшу мамлекеттер менен достук мамиле түзүүгө аракет кылган.

Кыргыздар Европа элдеринен салыштырмалуу узак жашаган элдердин бири. Кытайдагы биринчи кыргыз элчилигинин ачылышы менен Кытай кыргыздын субъективдүүлүгүн кабыл алып, кыргыз мамлекетинин уникалдуулугун жана көз карандысыз экенин түшүнгөн.

Айрыкча бул тууралуу Сибирдин атактуу тарыхчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Виктор Иванович Козодой жазып да, айтып да жүрөт. Ал азыр байыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жана цивилизациясынын жаралышы жана өнүгүшү жөнүндөгү китебин аяктап жатат. Ал бул датаны тарыхый факт катары, 648-жылы орустун биринчи атактуу синологдорунун бири Иакинф Бичурин ачып, 1851-жылы эмгектеринде жарыялаганын баса белгилейт.

“Бирок, тилекке каршы, бир убакта саясий кырдаалга байланыштуу тиешелүү басым жасалбай калган. Эми туура басым жасоо учуру келди. Датага олуттуу көңүл буруу керек. Балким, ал башталгыч эмес. Кантсе да кыргыз эли 3-кылымда, биздин заманга чейинки кытай дипломаты жана саякатчысы Сыма-Цандын күбөлөндүрүүсүнө караганда, Сибирде биринчи болуп эсептелген (Хагяс, Гегун, Гяньгун) өз мамлекеттүүлүгү болгон. Демек, алар кошуна элдер жана мамлекеттер менен кандайдыр бир аскердик, мамлекеттик жана дипломатиялык мамилелерди жүргүзүшкөн, алардын ичинен хуннулар жана кытайлар байыркы доордон эле белгилүү болгон” – деп жазган В.Козодой

Тарыхчы, Барсбек каган жана андан кийинки мезгилди мындай деп баяндайт: “Барсбек кагандын тушунда, Түрк каганаты менен эгемендик үчүн согушуп жеңишке жеткенде, жигердүү дипломатиялык ишмердүүлүк байкалган. Бул жагдай олуттуу нерсени, балким аскердик-саясий альянс түзүлгөнүн божомолдоп турат. Кийин Барсбек каза болгондо, күрөштү анын шакирттери улантып, 9-кылымда Кыргыз каганатын түзгөн. Ал болжол менен 17-кылымга чейин болгон. Кыргыздардын Сибирь князы Эренек, кыргыздардын эң акыркы көрүнүктүү башкаруучуларынын бири бул мезгилде Москвага элчилик жиберип, Иван Грозный падыша менен дипломатиялык мамиле түзгөн. Андан соң кыргыздар Омск, Санкт-Петербург жана Пекинге дипломатиялык элчиликтерин жиберишкен. Мухаммед-Кыргыз менен Иран шахынын ортосунда, ошондой эле Казак хандары, Кокон хандыгы жана Бухара эмирлиги менен дипломатиялык кат алышуу бар»,-деп баяндаган.

Эгерде азыркы заман жөнүндө айта турган болсок, Кыргыз ССР Жогорку Совети 1944-жылдын 17-мартында Кыргыз ссринин тышкы иштер боюнча союздук-республикалык элдик комиссариатын түзүү жөнүндө законду кабыл алган. Ошентип 1944-жылдын 17-марты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түзүлгөн күн деп эсептелет.

Совет бийлигинин жылдарында улуу муундун даңктуу жолун уланткан кыргыз элинин көрүнүктүү дипломаттарынын бүткүл галактикасы өсүп чыкты. Негизинен алардын кесипкөйлүгүнүн жана өжөрлүгүнүн аркасында Тышкы иштер министрлигинин статусу бир топ өзгөрүп, өз алдынча институт катары ролу жогорулады. Союздук республикаларда Тышкы иштер эл комиссарларын уюштуруунун милдеттери чет мамлекеттер менен мамилелерди активдештирүү, дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдү ачуу, эл аралык уюмдарга катышуу болгон. Биринчи эл комиссары, андан кийин тышкы иштер министри Казы Дикамбаев болду. Анын ишмердигинин тарыхы, мамлекеттик, уюштуруучулук таланты, Ата Мекендик согуш жылдарында мамлекеттик көзөмөл наркомунун милдеттерин аткаруу мезгилиндеги, ошондой эле Кыргыз ССРинин экономикасынын, социалдык турмушунун, дипломатиясынын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон салымы зор.

Учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын тышкы саясий жана тышкы экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана илгерилетүү боюнча өтө маанилүү жана зарыл мамлекеттик мекеме болуп саналат.

2021-жылдын 28-январында Садыр Жапаров президент катары кызматка киришүү инаугурациясында тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарды белгилеген: «Өлкөбүздүн экономикалык өсүшү, маданий кайра жаралуусу, туруктуулук алыскы жана жакынкы коңшуларыбыз менен ынтымакта болгондо гана ишке ашат. Кыргызстандагы саясий окуяларга байкоо салып, олку-солку болгон кырдаалда, оор учурда бир туугандык колун сунган өлкөлөргө, ириде Россияга терең ыраазычылык билдиребиз. Пандемия апаатынан өздөрү жабыр тартып турушса да, кыргыз калкына ак дилинен жардам берген коңшуларыбыз Өзбекстан менен Казакстандын аракетин айтпай коюуга болбойт. Бул өлкөлөр менен тамырыбыз, тарыхыбыз, тагдырыбыз жалпы. Демек, стратегиялык өнөктөш бул өлкөлөр менен ар тараптуу мамилени чыңдоо - тышкы саясатыбыздын приоритети».

Ошондой эле президент тышкы саясатта Түркиянын, жакынкы коңшу Кытайдын да ролу чоң экенин баса белгилеп, тышкы саясат көп векторлуу болорун айткан. Эгемен Кыргызстан Америка, Европа өлкөлөрү, БУУ, ШКУ баштаган эл аралык уюмдары менен кеңири кызматташууга умтуларын билдирген.

Президент жакында “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде: “Мен бийликке келген 4 жылдан бери тышкы саясатта көп векторлуу саясат жүргүзүп келем. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен эки тараптуу кызыкчылыкта бирдей жана тең ата кызматташып жатабыз. Керек болсо кечээ жакында эле Евросоюз менен дагы кызматташууга кол коюп келдик. КМШ өлкөлөрүнүн башка мүчөлөрү менен дагы тыгыз кызматташып жатабыз. КМШ өлкөлөрүнүн айрым мүчөлөрү менен товар алмашуубуздун көлөмү акыркы 4 жылда 7 эсеге өстү. Географиялык жактан алганда дагы КМШ өлкөлөрү менен жакын жайгашканбыз. Алар менен күнүмдүк турмуш-тиричилигибиз тыгыз чырмалышкан десек болот. Кандайдыр бир маселелерде бири бирибизге көз карандыбыз. Ошондуктан алар менен кызматташпай коюшубуз мүмкүн эмес”, - деген.

Садыр Жапаров 2022-жылы 24-октябрда өлкөнүн дипломатиялык кызматынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы күнүндө Кыргызстан көз карандысыз, ырааттуу, тең салмактуу тышкы саясатты карманып келгенин жана мындан ары да карманарын белгилеп, учурдагы геосаясий кырдаалга байланыштуу, дипломатиялык кызматка кандай милдеттер жүктөлгөнүн айткан:

"Азыркы учурдагы татаал геосаясий кырдаал эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар тутумуна олуттуу таасирин тийгизүүдө. Дүйнө мурда калыптанып калган тартипке коркунуч келе турган башаламан процесске кирди. Эл аралык институттардын ролу алсызданып баратканы ачык байкалууда, коопсуздукка жаңы коркунучтар жана чакырыктар пайда болууда. Ушундай татаал шарттарда Кыргызстан дүйнөлүк коомчулук сыяктуу эле дүйнөлүк аренада улуттук кызыкчылыктарды коргоого болгон күч-аракетин жумшап жатат. Анда негизги роль дипломатиялык кызмат органдарына жүктөлгөн", — деген президент.

Материалды даярдаган Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий