• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Ала-Тоого арка чыккандар - Түркиядагы кыргыздын ою

Аналитика 0

Мекенден четте жүргөндөрүн эң кайдигери да, анын чегинен бир карыш алыс чыккан соң, туулган жердин кайгысын тарып, кабарына ынтызар болуп калат экен. Эл-журттан жылуу кабар угулар бекен, ар келген бийлик аз да болсо жылыш жасар бекен деп, өзүбүз четте болсок да кулагыбыз мекенде. Ар кандай себептер менен азырынча ата-мекенден алыс жүрсөк да, ага деген кусалык, кутсал милдет ар качан жаныбызда, жүрөгүбүздө.

Мен да эгемендиктин шарапаты менен Түркиянын билим берүү тармагы тарабынан чакырылып келип, узун жылдар бул тармакты аркалап келаткан мекендештердин биримин. 1993-жылы келгенимде элчилигибиз эми гана уюшулуп, эки тараптуу келишимдер алгач түзүлүп жаткан кези экен. Ошондо Кыргызстандын Анкарадагы алгачкы элчиси ыраматылык Төлөмүш Океев агайдын өтүнүчү менен, элчиликтердин эки тараптуу келишим текстин бир эсе жүктөлгөн жоопкерчиликтен толкунданып, бир эсе жасалчу иштердин орчундуулугуна өрөпкүп, которгонум эсимде.

Андан бери билинбей 27 жыл өтүп кетиптир. Алгач бизге окшоп бирин-экин иштеп келгендер болбосо, туруктуу жашагандар негизинен окуучулар менен студенттерден гана турган кыргыз диаспорасынын саны азыркы күндө миңдеп саналат. Алгачкылардын катарын акыркы жылдарда Кыргызстандагы экономикалык каатчылык себебинен ар- кандай үй жумуштарына жалданып иштегендер, окуусун бүтүп иштеп калгандар, үй-бүлө күтүп жашап калгандар, квалификациялуу кесипкөйлөр, түрктөр менен орток иш кылган ишкерлер ж. б. толуктады. Ошентип эки тараптуу мамилелердин тармагы да, масштабы да абдан кеңейди.

Эки өлкө арасындагы мамилелер ар дайым эл аралык укук нормалары менен катар улуттук кызыкчылыктарды да эске алган, бир туугандык жана түбөлүк достукка таяндырылган башта “Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы арасында түбөлүк достук” (1997), “Кыргызстан-Түркия: XXI-кылымга орток кызматташтык” (1999), “Кыргызстан-Түркия Стратегиялык Кызматташтык Жогорку Кеңеши” (2011) сыяктуу көптөгөн маанилүү келишим жана макулдашуулар негизинде изден тайбастан жүргүзүлүп келет.

Төлөмүш Океевден, кийинки Медеткан Шеримкулов, Аманбек Карыпкулов, Мамбетжунус Абылов, Ташбоо Жумагулов, Эрмек Ибраимов, Ибрагим Жунусов сыяктуу кыргыздын таанымал саясий, маданий ишмерлеринин ар-бири Анкарадагы Кыргызстан Элчилигинин башында турушуп, кыргыз-түрк мамилелеринин өнүгүшүнө өздөрүнүн баалуу салымдарын кошушту.

Бирок өткөн мезгилдерден айырмаланып, СOVID-19 пандемиясы тамгасы басылган 2020-жыл, бүтүн дүйнө сыяктуу эле, Түркияда иштеп, жашап жүргөн кыргыз жарандарын да оор абалга дуушар кылды. Элчилик бул жолу пандемияга байланыштуу иштен чыгарылган үй кызматындагылар, жатаканалары жабылып, башпаанасыз калган студенттер, үй-бүлөсүнөн санааркап, ишин таштап кетип аткандар, дарыланганы же тууганчылап келип, орто жолдо калгандар сыяктуу кыйынчылык тарткан жарандарыбызга жардам берүү, мекенге кайтаруу сыяктуу, жайчылыкта эч көрүлбөгөн түркүн-түрлүү түйшүк менен алпурушууга аргасыз болду.

Баарыбыз башка өлкөлөрдөгү жарандарыбыздын айларча ара жолдо, алачыктарда калып, мекенге кайтуу маселесинде тарткан азап-тозокторун массалык маалымат каражаттарынан окуп-көрүп, кабыргабыз катуу кайышты. Кыргызстандын Анкара элчилиги кызматкерлеринин, өзгөчө атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси урматтуу Кубанычбек Өмүралиевдин, кырдаалдын оорчулугуна карата кыраакылык менен жүргүзгөн аракеттеринин натыйжасында, Түркиядагы жарандарыбыз анча кыйынчылык тартпай, сак-саламат үйлөрүнө кайтарылды. Түркиянын өзүндө да өзгөчө абал киргизилген өтө кооптуу учурда элчинин эки өлкө арасындагы өз-ара жардамдашуу жана кызматташтык механизмдерин ыгы менен жана чечкиндүү түрдө ийкемге келтирип, жекече байланыштарын да колдонуу менен, Түркиянын тиешелүү органдарынын алдына коё билиши, мекен милдетин аткаруудагы дипломатиялык чоң ийгилик болду десем жаңылышпайм.

Менин бул жазууну калемге алышымынын себеби да, дал ошол апаат мезгилинде Кыргызстандын Анкара элчилигинин дипломаттарынын оор абалда калган журтташтарыбызды мекенге кайтарууда болсун, тумоодон катуу жабыркаган Кыргызстанга Түркия мамлекетинин жана жарандарыбыздын жардам кампанияларын уюштурууда болсун, күндөп-түндөп тыным албай, бел чечпей жасаган эрдиктерин эл-журтубузга дайын кылып коюу сыяктуу жарандык парзымдан келип чыкты.

Эрдик сөзү элибизде “башына коркунуч келген бирөөнү куткарыш үчүн жанын сайып жасалган каармандык” деген маанини камтыйт. Бул жолку андай коркунуч бүтүндөй дүйнөнүн жүрөгүнүн үшүн алып, көзгө көрүнбөс, колго кармалбас, сактанчу куралы да, дарылоо шыпаасы да болбогон тири укмуштуу жоо-атың өчкүр СOVID-19 вирусу болду.

Пандемия мезгилинде Кыргызстандын Анкара элчилигинин ийгилиги - диаспора менен байланышында доорубуздун эң маанилүү каражаты - интернет желеси жана телефондор аркылуу тыгыз жана пландуу иш жүргүзө алышында болду. Элчиликтин kgembasy.tr@mfa.gov.tr интернет баракчасы пандемия башталгандан тарта, кудум өзгөчө кырдаал штабы сыяктуу иш алып бара баштады. Кыйын абалда калгандар үчүн атайлап уюштурулган шашылыш билдирүү жана ишеним телефондору болсун, элчиликтин расмий веб-сайты болсун, жарандар ар убак кайрыла ала турган оперативдүү абалга келтирилди.

Веб-сайттан пандемияга байланыштуу Түркия жана Кыргыз өкмөттөрүнүн алган чукул чечимдери, вирустан сактануу эрежелери, эскертүүлөр, кеңештер, элчинин жарандар жана мекемелер менен өткөргөн видео-конференциялары, кырдаалга байланыштуу Түркиянын мамлекеттик органдары менен жолугушуулары, жергиликтүү жана эл аралык медиага берген маектери кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде байма-бай жарыяланып турду.

Бул жагдай жарандарыбыздын дүрбөлөңгө түшпөй, ар-кандай суроо, талаптарына так жооп алып, ошого жараша пландуу аракет кылууларын, көз сала турган аталык камкордук алдында экендерин сездирди.

Түркия өкмөтүнүн коопсуздук чараларына ылайык, эл аралык жана ички учак каттамдары, шаар аралык унаа каттамдары толук токтотулган, ал түгүл чоң шаарларда көчөгө чыгыш тыюу салынган учурда, Түркиянын дээрлик бардык областтарына жайылган жарандарыбызды Кыргызстанга кайтаруу маселеси чечилиши, мүмкүн көрүнбөгөн оор маселе болчу. Көпчүлүк элчиликтер мындай оорчулуктан улам бул маселеге эч киришкен да жок. Анкарадагы Кыргыз элчилигинин вирустун эң күчөп турган март-июль айлары арасында 12 чартердик учак сапары уюштуруп, аны менен 3367 кыргыз жаранын мекенге кайтара алышы чыныгы дипломатиялык эрдик, мекен алдындагы кызматтын бийик өрнөгү катары бааланышы керек.

Ал сапарлардын ар-биринин ачылышы эле эмес, Түркиянын ар- башка шаарынан жарандарды топтош, ар-бирине тиешелүү муниципалиттерден уруксат алыш, шаарлар арасы эч бир кыймыл жок кезде, миң бир түйшүк менен жалданган автобустарга элди белгилүү жерлерде топтоп салыш, Стамбул аэропортуна алып барып, учуруш азыр айтканга оңой көрүнгөнү менен, элчилик менен Стамбулдагы башкы консулдук кызматынын так пландалган, жарандар менен тыгыз байланыш кура алган, жан аябаган аракеттеринин натыйжасында гана ийгиликтүү ишке ашты.

Бул жерде аталган иштердин Түркияда вирустун так күчөп, күндө жүздөгөн жан алып аткан опурталдуу кезинде жүргүзүлгөнүн, жөнөтүлгөн ар- бир кишинин жаны эле эмес, дипломаттардын өз жандарын да оозуна тиштеп иштегендерин айтпасак да түшүнүктүү. Март айынан тарта сайтта жарыяланып, элдин талабына жараша түзүлө баштаган тизмелердин элчилик сайтында ирети менен жарыяланып турушу, элди этап-этап менен жөнөтүүдө баш-аламандык жаралбашына өбөлгө түздү. Сайттан демейдегиден алда канча арзандатылган билеттердин баасы, сатыш жерлеринен тартып, учуш сааттары, коопсуздук чаралары, багаж уруксаттарына чейин бардык маалыматтар так берилип турду.

Тогуз жолдун тоому Стамбулдан уюштурулган бул сапарлар аркылуу жеке эле Түркиядан эмес, АКШ, Канада, Англия, Эфиопия, Франция, Германия, Испания, Италия, Кипр, Венгрия, Словакия, Грузия, Корея, Малайзия, Украина, Чехия, Болгария, Марокко, Бельгия, Норвегия, Польша, Швеция сыяктуу дүйнөнүн ар кыл өлкөсүнөн келген жарандарыбыз да Кыргызстанга аман-эсен жетип алышты.

Элчиликтин пандемия учурунда аткарган маанилүү иштеринин бири катары, Түркия мамлекетинин жана кыргыз жарандык уюмдарынын Кыргызстанга жасаган жардамдарына таасирлүү кол кабыш кылышы болду. Булардын катарында Түркия тарабынан февраль жана май айларында, өпкө вентилятору, N95 беткап, хирургиялык беткап, коргоочу костюм, жүз калканчы, ПЦР-тест, вирустук нуклеин кислотасын бөлгүч, кычкылтек концентратору, ошондой эле каатчылыгы тартылып аткан дары-дармектерден турган ири көлөмдүү жардамдарын көрсөтсөк болот.

Бул маалыматтардын баары бизге-карапайым жарандарга жарыяланып, үмүтүбүздү тутандырып, жалпы элдик ыктыярдык аракеттерди баштатуугага шыктандырды. “Ала-Тоого Арка Бол!” деген жарандык жардам кампаниясы алдында биз да ар кеткен чартер учагы аркылуу колубуздан келген медициналык жардамдарыбызды тынбай жөнөтүп турдук.

Бишкекте вирус күчөп, оорукана, доктор жетишпей жаткан кыйын учурда ТИКА тарабынан курулуп, бирок али расмий ачыла элек Кыргыз-Түрк Достук ооруканасынын кыргыз тарабына убактылуу пайдаланууга берилиши, кыргыз-түрк боордоштугунун эң сонун үлгүсү болду десек болот. СOVID-19га каршы күрөш маалында заманбап жабдуулар менен жабдылган бул борбор, аябагандай зор кызмат кылды. Мына ошол ооруканада бейтаптарга профессионалдык жардам берүү үчүн, Түркияда иштеген жана ординатурада окуган 18 жаш кыргыз врачтары өз ыктыяры менен мекенге жардамга барышты. Демилгесин жердешибиз хирург Эркин Исмаил, элчи Кубанычбек Өмүралиевдер, спонсорлугун кыргызстандык жаш ишкерлер (шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу аттары аталбаган ал ишкерлерди элибиз социалдык тармактардан жакшы билет) көтөргөн бул жардамда, врачтардын иштеген жана окуган жерлеринен уруксатты да Кыргызстандын Анкара элчилиги камсыз кылды.

Аталгандай максат менен ыктыярчы докторлор тобу Москва шаарынан келди. (Бул топтун спонсорунун аты да шайлоого байланыштуу аталган жок, бирок элибиздин толук кабары бар). Мына ошол эки өлкөдөн келген кырктай кыргыздын азамат уул-кызы, эл башына кыйын күн түшүп турганда, негизги иштерин таштап келип, эл алдында ыйык атуулдук милдетин аткарышты. Алар Достук ооруканасы, Улуттук Госпиталь, Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын ооруканасы, Discovery стационарында, жалпы эсеп менен 3 миңден ашуун бейтаптын айыгып чыгышын камсыз кыла алышты, региондордогу дарыгерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бул эр азаматтарыбызга урмат-сыйын көрсөтүүдө мамлекетибиз да четте калган жок. 7-августта Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министрлигинде ыктыярчы врачтарга сыйлык тапшыруу салтанаты болуп өттү. Ак ниет эмгектери жана саламаттык сактоодогу ийгиликтери үчүн 7 врачка “Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Минстрлигинин 75 жылдыгы” юбилейлик медалы берилип, 31 врачка Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министрлигинин алкышы жарыяланды.

Ата-Мекен үчүн жаналакетке түшүп, апаатка каршы турган каармандар өлкөнүн ичинде да, тышында да, албетте, көп болду. Аны тарых, учурунда, таразалап алары бышык. Буюрса жайчылык бир заман да келет, бул каргашада жоготкондорубуз, баркына жетип-жетпегендерибиз, алган бардык сабактарыбыздын эсеп-чоту чыгарылып, тарыхтын барагына жазылып калат. Биз, Түркияда жашаган кыргыздардын атынан өлкөбүз үчүн өтө жооптуу учурда, Кыргызстандын эч бир жаранын пандемия капшабына кабылтпастан, кетем дегенин үйүнө жиберип, кетпейм дегенин ордунда кармап, аталык камкордугун аябаган, сүйүктүү элчибиз Кубанычбек Өмүралиевге, ал жетектеген элчиликтин кеңешчиси Айбек Акаевге, консул Чынгыз Абдурахмановко, Медербек Каныбек уулуна, Бегимай Бакытбеке жана башка дипломаттарыбызга ыраазычылык билдирип, алкыш айтып коюуну туура көрдүк.

Профессор, д-р Гүлзура Жумакунова,

Анкара университетинин окутуучусу

Атайын "Кабар" үчүн

8-сентябрь 2020-жыл, Анкара, Түркия

Пикир

Оставить комментарий