• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Дүйнөлүк банк КР сот тутумун санариптештирүүгө активдүү колдоо көрсөтүүгө даяр

Саясат 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев Дүйнөлүк банктын эксперти Клаус Декерд менен жолукту.

Жогорку соттон билдиришкендей, ошондой эле жолугушууга сот тутумунун, президенттин администрациясынын, Дүйнөлүк банктын, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун максаты КР сот тутумуна өткөрүлгөн функционалдык серептин жыйынтыктарын тааныштыруу жана аны талкуулоо болду.

"Сот адилеттиги системасынын ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыздоого багытталган зарыл инфраструктураны түзүү жана маалыматтык системаларды иштеп чыгуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Санариптик технологияларды киргизүү жана колдонууну кеңейтүү, "электрондук сот адилеттигин" түзүү "2023-2026-жылдарга КР сот адилеттиги системасын өнүктүрүү "Мамлекеттик максаттуу программасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгиленген", - деди Нурлан Мусаев.

Ал белгилегендей, бирок өз алдынча чечүүгө мүмкүн болбогон маселелер бар. "Ошондуктан КР сот тутумун санариптештирүү маселелеринде колдоо көрсөтүүгө даяр экендиги үчүн Дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдиргим келет. Дүйнөлүк банктын активдүү колдоосу жана көмөгү менен биз санариптик трансформация боюнча башталган ишти олуттуу илгерилете аларыбызга чын дилимден ишенем" - деди Мусаев.

Пикир

Оставить комментарий