• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Дүйнөлүк банктын сурамжылоосу кыргызстандыктардын социалдык абалы жакшырганын көрсөттү – Байсалов

Экономика 0

Бишкек, 29.08.24. /Кабар/. Дүйнөлүк банктын сурамжылоосу кыргызстандыктардын социалдык абалы жакшырганын көрсөттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анда ал бүгүн өкмөттө Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Хью Риддел окумуштуу, изилдөөчү, аналитектери менен келип, администрациянын жооптуу башкармалары жана адистери үчүн презентация жасагандыгын айтты.

Эдил Байсалов белгилегендей, Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы 1500 үй-бүлөнү статистикалык метод менен тандап алып, 2022-жылдын декабрь айынан бери ай сайын, сурамжылоо-мониторинг өткөрүп турат.

"Акыркы 2024-жылдын июнь айындагы сурамжылоонун жыйынтыгына таянсак, бүгүнкү күндөгү социалдык абалдын көрсөткүчтөрү эки жарым жыл мурдагыга салыштырмалуу кыйла оңолуптур", - деди ал.

Байсалов сурамжылоонун жыйынтыктарын да мисал келтире кетти:

– тамак-аш коопсуздугу боюнча: 2021-жылы сурамжылоого катышкандардын 40% өзүн коопсуз сезсе, азыр бул көрсөткүч 80%га жеткен;
– үй- бүлөлүк финансалык коопсуздук: 2021-жылы 33% кооптонбосо, азыр ал көрсөткүч 68%га жеткен;
– өзүн жакыр деп эки жарым жыл мурда 33% үй-бүлө сезсе, азыр бул көрсөткүч 19%га түштү;
– мурда 54%ы гана жашоосуна ыраазы болсо, азыркы учурда айылда 72%, шаарда 67% сурамжыланган үй-бүлө жашообузга ыраазыбыз деп жооп беришкен.
– “өлкө туура жолдо баратат" деп мурда шаарда 57%, айылдыктардын 70% гана эсептесе, азыр ал көрсөткүч айылда 88%га жетип, шаардыктардын 75% "туура" деп калышкан;
– коррупция менен бийлик эффективдүү күрөшүп жатат дегендер мурда шаарда 60% гана болсо, азыр 80%ге жетти.

“Албетте, бул сыр эмес, башка сурамжылоолордон да муну жакшы билебиз, мамлекет башчыбыз Садыр Жапаровдун саясатын, биринчи кезекте, башынан эле элеттиктер катуу колдошоорун. Бирок, шаардыктардын арасында ушул эки жарым жылда үмүт жаралып атканын көрсөк болот. Мисалы, өкмөт эл менен туура диалог алып барууда деп 46% гана эсептесе, азыр ал көрсөткүч 64% жетти. Бул дагы өтө жогорку жыйынтык, бирок албетте, мындан да жакшы иштешибиз керектигин маалымдайт. Дагы бир кызыктуу көрсөткүч – бул бийликке болгон ишеним саясатчылар биринчи кезекте элге иштеп, элдик кызыкчылыкты өйдө коюшат деп 50% гана ойлосо, азыр ал көрсөткүч шаардыктардын арасында 65%га жетип, айылдыктардын арасында 75%га чейин көтөрүлүптүр”, - деп белгиледи Эдил Байсалов.

Ошондой эле ал Дүйнөлүк банктын кезектеги изилдөөсүнүн жыйынтыгында көрсөткүчтөр дээрлик үч жылдын ичинде жакшырганын, бул президенттин администрациясына, министрлер кабинетине өтө маанилүү экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий