• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары-2024: Кыргызстан медалдардын саны боюнча 3-орунда

Спорт 0

Бишкек, 12.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Казакстандын Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүдө.

Мелдештин үчүнчү күнүнүн жыйынтыгы менен Кыргызстан медалдардын саны боюнча үчүнчү орунда келе жатат. Учурда өлкө куржунунда 38 медаль бар. Анын ону алтын, 13 - күмүш, 15 - коло.

Биринчи сапта жайгашкан Казакстан 69 медаль алды. Экинчи орундагы Өзбекстан 32 медаль утту.

Төртүнчүдө Россия - 37 медаль, 5-орунду 11 медалы менен Иран ээледи.

Белгилей кетсек, Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий