• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай Кыргызстандын курамасынын даярдыгы талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Казакстандын Астана шаарында 8-сентябрынан 14-сентябрь аралыгында өтө турган V Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын улуттук курама командасынын даярдыгы боюнча кеңешме өткөрдү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө спортчулардын тийиштүү даярдыгын камсыз кылуу жана башка уюштуруу маселелерин чечүү, анын ичинде оюндарды эфир аркылуу чагылдыруу, сейрек кездешүүчү жаныбарларды жана канаттууларды салттуу Салбурун фестивалына катышуу үчүн алып барууга уруксат берүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө 2026-жылы Өзбекстанстанда өтө турган VI ДКОго ар тараптуу колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

Жыйындын соңунда тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий