• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбеков жумуш сапары менен Талас жана Жалал-Абад облустарына барат

Өкмөт 0

Бишкек, 24-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон жумуш сапарын улантууда. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 24-июлда, Өкмөт башчы Талас облусуна барат. Ал инфраструктуралык жана социалдык объектилердин абалы менен таанышат. Тактап айтканда, Премьер-министр Талас райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн абалын, Талас районунун Жон-Арык айылындагы бала бакчанын курулушунун жүрүшү жана Кара-Буура районуна караштуу Коргон-Сай айылындагы орто мектептин абалын көрөт. Мындан сырткары Өкмөт башчы ички жолдордун абалы жана Талас районундагы айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Андан ары Сооронбай Жээнбеков, жумуш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусуна барып, Ала-Бука районундагы Иштамберди участкасында жайгашкан «Фулл голд майнинг» алтын өндүрүү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Эртен, 25-июлда, Өкмөт башчы Жалал-Абад облусундагы ички жолдордун абалы, айыл чарба объектилери, социалдык жана инфраструктуралык курулуш тармактарынын ишмердүүлүгүн көрүп чыгат.

Пикир

Оставить комментарий