Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Ⅴ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата сүйлөшүүлөр башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов Казакстандын маданият жана спорт министрлигинин вице-министри Куранбек Сарсен Абайулы менен Ⅴ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар боюнча онлайн жолугушуу өткөрдү.
Сүйлөшүүнүн алкагында 2024-жылы Казакстанда өтө турган Ⅴ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизиле турган спорттун түрлөрү боюнча, иш-чаранын масштабы жана эки тараптык түзүлгөн келишим туурасында сөз болду.
Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында өткөн. Ал эми 2014-2016-2018-жылдары Кыргызстанда өткөрүлгөн.
Пикир
Оставить комментарий