Дүйнөлүк куран жарышында Кыргызстандан эки студент ат салышууда

Аймак 0

Бишкек, 10.10.17 /Кабар/. Сауд Арабиянын Мекке шаарында өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк Куран жарышында 30 пара Куранды жатка окуу боюнча Кыргызстандын атынан Кыргызстан Ислам университетинин 2-курсунун студенти Зарипов Усмон жана Баткен районунун Карабак айылындагы “Нур” Куран жаттоо медресесинин студенти Акылбек уулу Өмүрбек ат салышууда. Бул тууралуу Баткен казыятынын басма сөз катчысы билдирди.

“Бул дүйнөлүк Куран жарышы Сауд Араб Падышачылыгы тарабынан жыл сайын өткөрүлүп, Кыргызстандын намысын коргогон биздин студенттерибиз алдыңкы орундарды ээлеп келет”,-деди КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов.

Белгилей кетсек, Акылбек уулу Өмүрбек жана Зарипов Усмон буга чейин облустук, республикалык Куран жарыштарында алдынкы орундарды ээлеп келишкен.

Пикир

Оставить комментарий