• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Дүйнөлүк рекорд! Месси алтынчы ирет "Алтын топтун" ээси болду

Спорт 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. "Барселона" клубунун жана Аргентина курама командасынын оюнчусу Лионель Месси 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча "Алтын топтун" ээси болду. Бул тууралуу France Footbal журналы билдирди.

Сыйлык тапшыруу аземи жергиликтүү убакыт боюнча 2-декабрда Париж шаарында өттү.

Аргентиналык оюнчу үчүн бул сыйлык алтынчы болуп, дүйнөдө жок рекордду койду. Ал "Алтын топ" сыйлыгын буга чейин 2009, 2010, 2011, 2012 жана 2015-жылдары алган. Аталган сыйлык боюнча Месси "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналдуну артта калтырып, биринчи орунга чыкты. Роналдуда учурда 5 "Алтын топ" бар.

Месси 2019-жылы "Барселонанын" катарында Испаниянын биринчилигин, Аргентинанын курамында Американын кубогун жеңген. Ошондой эле 32 жаштагы оюнчу FIFA уюмунун версиясы боюнча мыкты оюнчу аталган.

Эскерте кетсек, "Алтын топтун" мурунку ээси "Реал" жана Хорватиянын оюнчусу Лука Модрич болгон.

Пикир

Оставить комментарий