• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Дүйшөмбүдө Россия жаранына аткезчилик үчүн айыппул салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 22.08.17. /Кабар/. Тажикстанда Россия жараны Татьяна Хужина өлкөдөн падышалык доордогу жез тыйынды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылган деп табылды. Дүйшөмбү шаардык сотунун өкүмүнө ылайык, Хужинага беш миң сомони (560 долларга жакын) өлчөмүндөгү айыппул салынып, ал төлөнгөндөн кийин Россияга чыгып кетүүгө милдеттендирилди.

18-августтагы жарыш сөз маалында мамлекеттик айыптоо Хужинаны алты жылга эркинен ажыратууну сураган.

Июндун соңунда Тажикстандын Бажы кызматы өлкөдөн 1823-жылы жасалган жез тыйынды алып чыгууга аракет кылган 41 жаштагы Татьяна Хужина аттуу аялдын кармалганын билдирген. Анда ал Дүйшөмбүдөн Москвага учканы жаткан. Тажик бийлиги Хужина тыйынды аткезчилик жол менен өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракет кылган деп эсептөөдө. 21-августта сот тыйын сактоо үчүн тажик музейине берилиши керек деген чечим чыгарган.

2012-жылдан бери Россияда жашаган Татьяна Хужина тыйынды мурда эле апасынан алганын жана Россиядан Тажикстанга келе жатканда да капчыгында болгонун айтууда. Россиянын Тажикстандагы элчилигинен тыйын өзгөчө деле баалуулукка ээ эмес экенин жана нумизматтар тарабынан ал төрт доллардан бир аз гана ашык суммага бааланышы мүмкүндүгүн билдиришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий