• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Дүрбөлөңгө түшпөгүлө! Өзгөчө кырдаалдар министри жарандарга кайрылды (видео)

Коом 0


Бишкек, 23.01.24./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев катуу жер титирөөдөн улам жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-январь, саат 00:09да Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Каракол, Нарын облусунун Нарын шаарларында, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жер-жерлеринде маалымат топтоп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө

ӨКМ социалдык тармактарда жер титирөөнүн кайра катталышы мүмкүн экендиги тууралуу тарап жаткан фейк маалыматка ишенбөөгө жана дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий