• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

ӨКМ: Түндөгү жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Коом 0

Бишкек, 23.01.24./Кабар/. Алдын ала маалымат боюнча, түндөгү жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, такталган маалымат боюнча, 23-январда саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган

Жер титирөө Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга (Каракол шаарынан 137 чакырым түштүк- чыгышта, Каджы-Сай айылынан 150 чакырым түштүк-чыгышта, Нарын шаарынан 275 чакырым түштүк-чыгышта, Бишкек шаарынан 300 чакырым түштүк-чыгыш) чейин сезилген.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жер-жерлерде кызматкерлер тактоо иштери менен катар тиешелүү жумуштарды аткарууда.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий