• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Эмгек өргүүсүнө чыкканда турак жайды кантип коргош керек? ИИМ кеңеш берет

Коом 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Эмгек өргүүсүнө жана эс алууга кеткенде батирлерден мүлктөрдү уурдоо көп катталууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өз үй-мүлкүңдү кантип батир уурулугунан коргосо болот?

Үйдөгү мүлктү жана андагы баалуу буюмдарды уурулуктан коргоо үчүн төмөндөгү коопсуздук чараларын көрүү керек:

- Үйдөн чыгаардан мурда бардык терезелерди, эшиктерди, желдеткичтерди бекем жабыңыз жана кайрадан бир сыйра текшерип чыгыңыз;

- Үйүңүздү узак убакытка кароосуз калтырбаганга аракет кылыңыз. Эгерде узак убакытка кетип жатсаңыз сигнализация орнотуп же камсыздандырып койгонуңуз оң;

- Видео көзөмөл орнотуңуз, муляж да орнотсо болот. Кылмышкер видео көзөмөлдүн иштеп жатканын текшербейт. Жабдыктар кылмышкерлерди өзүнүн кылмыштуу оюн ишке ашыруудан кайтууга жардам берет;

- Эгерде сиздин үйүңүз биринчи же алдынкы кабатта, ошондой эле суу түтүктөрүнүн жана өрт коопсуздугу үчүн орнотулган тепкичтердин жанында жайгашса, терезе торчолорун (решетка) орнотуңуз;

- Балдарды чоочун адамдарга эшиктерди ачпоо керектигин үйрөтүңүздөр. Көп учурда уурулар чоң адамдар жок кезде, сантехниктин, электриктин, газдын иштөөсүн текшерген кызматкерлер болуп келишип, кырдаалды изилдеп, жабырлануучуну аныкташат;

- Турак жайыңызга тааныш эмес адамдарды киргизбеңиз. Эгерде өздөрүн коммуналдык кызматкер катары тааныштырса, аны тастыктаган документтерин сураңыз же ошол уюмга чалып тактаңыз. Эгерде сиз баатир уурулугунун курмандыгы болсоңуз, анда:

- Өзүңүздү колго алып тынчтаныңыз, андан соң милицияга 102 номери аркылуу чалыңыз;

- Үйүңүздү карап чыгыңыз, жоголгон буюмдарыңызды тактап, тизмесин түзүңүз;

- Эгерде үйүңүздө кылмышкерге туш болуп калсаңыз жакындарыңыздын жана өзүңүздүн өмүрүңүздү коргоңуз. Алар менен чыр-чатакташпай, анын жүзүн эстеп калууга аракет кылыңыз. Бул анын кармалышын тездетүүгө жана буюмдарыңызды кайтарып берүүгө жардам берет.

Ошондой эле сиз үйлөрдү жана батирлерди коргоо боюнча мамлекеттик кызматтарды колдоно аласыз. Толук маалыматы төмөндөгү шилтемеден алсаңыз болот: https://mvd.gov.kg/rus/services/protection

Жогорудагы жөнөкөй эрежелерди колдонуу менен үйдөгү мүлкүңүздү сактоо жана коргоо мүмкүнчүлүгу жогору болот. Сак болуңуз!

Пикир

Оставить комментарий