• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Дагы бир депутат өз каалоосу менен мандатын тапшырды – БШК

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев өз каалоосу менен мандатын тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Жогорку Кеңешке "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан депутат болуп келген.

Бүгүн БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө түшкөн өз арызынын негизинде Мейкинбек Абдалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды.

Пикир

Оставить комментарий