Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери дайынсыз жоголуп кеткен 15 жаштагы кызды табышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Эске сала кетсек, Чүй облусунун Аламүдүн РИИБси 9-июлда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон Айназикти издеп жаткандыгы тууралуу маалымдаган болчу.
Айназик Жыргалбекова Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде официант болуп иштеп жүргөн жеринен табылган.
Пикир
Оставить комментарий