Бишкек, 12.11.22. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатында Дайырбек Карыяев алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Карыяев күжүрмөн самбо боюнча 79 кг салмакта күчүн сынап, финалда казакстандык спортчу 4:0 эсебинде жеңип, чемпион аталды.
Ошондой эле самбо боюнча дүйнө чемпионатында 88 кг салмак категорияда Жамалбек Асылбек уулу жана күжүрмөн самбо боюнча 64 кг салмак даражада Саяк Бараканов коло байгеге ээ болду.
Эскерте кетсек, мелдеш Бишкектин "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда 11-13-ноябрь күндөрү өтүүдө.
Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер орун алууда:
Эркектер: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору;
Кыз-келиндер: 50, 54, 59, 65, 72, 80, 80 кг жогору;
Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору.
Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түзөт.
1-орун- 4000 доллар;
2-орун- 3000 доллар;
3-орун- 2000 доллар.
Кыргызстандын атынан дүйнө чемпионатына 21 спортчу аттанган.
Пикир
Оставить комментарий