• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Дайырбек Орунбеков интернет колдонуучуларын инсандын жекелигине асылуудан алыс болууга чакырды

Коом 0

Бишкек, 28.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун командасында өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барууда. Мындай пикирин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымына караганда, социалдык тармактарда министрлер кабинетинин төрагасы - президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровду негизсиз жана максаттуу каралоо жүрүп жатканы байкалууда.

"Сын-пикирлер эч кандай фактылар менен бекемделбей, куру доомат, көпчүлүк учурда адамдын аброюна, сырткы келбетине чейин асылуу менен коштолуп жатканын чоң өкүнүч менен белгилейбиз.

Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматтардын бардык тепкичтерин ырааттуу басып өтүп, такшалган мамлекетчил жетекчи экенин белгилүү. Күчтүү кризис-менеджер катары өлкө жетекчилигине, министрлер кабинетине алгылыктуу сунуштарды иштеп чыгып берүү менен анын аркасында мамлекеттин бюджети, ошого жараша бир катар тармактарда эмгек акылары, социалдык төлөмдөр жогорулатылганына салымы бар экени маалым.

Министрлер кабинетинин төрагасы президент Садыр Жапаровдун командасында өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барууда.

Мамлекеттик кызматтагылар адекваттуу сын-пикирлерди жана сунуштарды кабыл алууга ар дайым даяр. Андыктан, социалдык тармактардын колдонуучуларын инсандын турпатына, жекелигине асылуудан алыс болууга чакырабыз", - деди Орунбеков.

Пикир

Оставить комментарий