• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Дайырбек Орунбеков: Таза шайлоо өткөрүү президенттин негизги максаттарынын бири

Коом 0

Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Таза шайлоо өткөрү президентибиз Садыр Жапаровдун негизги максаттарынын бири. Бул аракеттер токтобойт, мындан ары дагы уланат, - деп жазды президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына.

Анын айтымында, Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле мамлекеттик кызматкер, кайсы бир партиянын үгүт ишине аралашса жана жардам берсе болбойт. Экинчиси, добуш сатып алуу мыйзамсыз деген эрежелер бар. Муну жакшы билебиз, бирок эч ким буга чейин мыйзамды сактачу эмес.

"Сиздерден дагы сурагым келип турат. Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев жана Жээнбековдун убагында мамлекеттик кызматкерлерди шайлоодогу үгүт ишинен алыс кармап, добуш сатып алгандарды жазалаган учурлар кимдин эсинде бар? Мисалы мен андай учурларды кезиктирген эмесмин.

Кайра бийликчил партияларга бүт мамлекеттик машина жардам берчү. Чиновниктер шайлоодо үгүт ишине аралашып, айылына чейин барып, мугалим, врачтар, тууган-жакындарынан бери түйшүккө салганын, мажбурлап добуш чогултканын унута элекпиз.

Добуш сатып алуу үчүн акчалар ачык эле таратылып, кой деген киши болгон эмес.

Садыр Жапаров келгенден кийин кандай кылды? Бир дагы мамлекеттик кызматкер, керек болсо мугалим, врачтар дагы үгүт ишине аралашпасын деди. Добуш сатып алууга аракет кылган жана добушун саткандарды дагы токтотобуз, ким укпаса мыйзам чегинде чара көрөбүз, мыйзамды сактайлы, тартипке баш ийели деп бир нече ирет суранды, элге кайрылуу жасады.

Шайлоого катышкан партияларга бирдей шарт түзүлсүн деп мурда өздөрү шайлоого алып чыгып жүргөн партияларын дагы таратып жиберди. Мисалы, “Мекенчил”, “Ата-Журтум Кыргызстан” партиялары азыр шайлоого катышкан жок. Калган партияларга болсо тегиз шарт түзүлүп, мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, адилеттүү атаандаштыкка дагы жол ачылды.

Ал акча таратуу фактысы менен шайлоодон четтетилген талапкерлерди дагы билесиздер. Анын ичинде бир мандаттуу шайлоо округунан катышып жаткан талапкер Дамира Ниязалиеванын окуясын мисалга алсам болот. Ага дагы добуш сатып алуу фактысы менен иш козголуп, жарыштан чыгарылган.

Тилекке каршы, мындай окуялар айрым партияларга дагы деле сабак болбоптур. Кечээ Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышып жаткан Социал-демократтар партиясы добуш сатып алууга шектелип, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоого катышуудан четтетилди. Албетте, бул партияда тажрыйбасы көп саясатчылар бар. Алар манипуляция кылып, “бизге саясий куугунтук болууда” - деген аргументтерди келтирүүгө аракет кылышат. Бирок, күнөөлү жана себепкер өздөрү, ал мыйзам бузуу, добуш сатып алууга болгон аракетинин натыйжасы.

Дагы бир эскертип кетейин, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык партия буга чейин шаардык кеңешкө өтүп, бир уулу депутат болуп отурду. Экинчиси Жогорку Кеңештин депутаты болуп дагы деле иштеп жатат. Депутаттык ишмердүүлүгүнүн учурунда кандайдыр бир демилгелери менен айырмаланып, же бийликке коркунуч жараткан учурлары болгон эмес. Башкалардан айырмаланган жарык саясатчы деле эмес экенин айтсак болот. Андыктан, азыр дагы социал-демократтар партиясын шайлоодон өткөрбөй коюуга эч ким кызыкдар эмес. Болгону алар акча таратып, добуш сатып алуу фактысы менен четтетилип жатат. Бул окуяга саясий боек берүүнүн кажети жок.

Таза шайлоо өткөрүү президент Садыр Жапаровдун негизги максаттарынын бири. Бул аракеттер токтобойт, мындан ары дагы уланат. Кайсы партия экени айырмасы жок, мыйзам бузуу фактылары болсо барына бирдей мамиле жасалат. Элдин талабы дагы мыйзам орнотуу, демек тартип орнотууга ар бириңиздер салым кошушуңуздар керек. Үгүт же шайлоо учурунда мыйзам бузуу фактыларын байкасаңыздар, укук коргоо органдарына кабарлап коюңуздарды суранабыз. Урматтуу талакерлер жана шайлоочулар сиздерди шайлоо мыйзамын жана эрежелерин бузбоого чакырабыз. Келиңиздер, тазаланууну ар бирибиз өзүбүздөн баштайлы", - деп жыйынтыктады ал билдирүүсүн.

Пикир

Оставить комментарий