• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Данияр Амангелдиев ЕЭК Бажы кызматташтыгы боюнча министрин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы кызматташтыгы боюнча коллегия мүчөсү (министр) Руслан Давыдов менен жолугушту.

Тараптар Евразия экономикалык биримдигинде бажылык жөнгө салуунун негизги маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Руслан Давыдов мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү тапшырмаларын аткаруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жана тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын мындан ары модернизациялоо боюнча сунуштар тууралуу маалымат берди.

Данияр Амангелдиев бажы процесстерин жөнөкөйлөтүүгө жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган санариптик чечимдерди интеграциялоо жана колдонуу аркылуу тоскоолдуктарды жоюунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстандын ЕАЭБ тышкы чек арасындагы өткөрүү пункттарын модернизациялоонун ийгиликтүүлүгүн жана республиканын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" тутумун түзүү боюнча оң тажрыйбасын белгиледи.

Руслан Давыдов Кыргызстандын Бажы инфраструктурасын өнүктүрүү жана санариптештирүү, анын ичинде "акылдуу бажы" маалымат тутумунун алкагындагы аракеттерин белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар ЕАЭБде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу маселелерин жана бажы кызматташтыгы жаатындагы башка актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Тараптар интеграцияны бекемдөө жана актуалдуу маселелерди чечүү үчүн ачык диалогдун жана кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий