Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын башкаруучу директору Хусейн Озхан менен жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар кызматташтыктын учурдагы абалын жана экономиканын ар кандай тармактарындагы өз ара аракеттешүүнүн келечегин талкуулашты.
Данияр Амангелдиев ЕРӨБгө Кыргызстандагы негизги долбоорлорду ишке ашырууда көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Хусейн Озханды ЕРӨБдүн башкаруучу директору болуп дайындалышы менен куттуктады.
Министр, учурда 40 улуттук долбоор, анын ичинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу инфраструктуралык демилгелер иштелип жатканын белгиледи. Ал энергетика тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү сунуштап, энергетикалык туруктуулукту камсыздоого багытталган сактоочу системаларды түзүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.
Ошондой эле Амангелдиев экономиканын оң көрсөткүчтөрү жана келечектеги өсүү божомолдору тууралуу айтып, банк секторунун позитивдүү динамикасын жана жеке сектордун активдүүлүгүн, аларды колдоо үчүн жеңилдетилген каржылоонун зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Хусейн Озхан Кыргызстандагы жетишкендиктерге жогору баа берип, ЕРӨБдүн кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдыгын тастыктады.
Ал ЕРӨБдүн өлкөдөгү жалпы портфели жаңы келишимге кол коюлгандан кийин 1 млрд доллардан ашканын белгиледи.
Суу чарбасы, транспорт, энергетика жана жеке секторду колдоо ЕРӨБдүн Кыргызстандагы артыкчылыктуу иш багыттары экендигин билдирди. Тараптар 2025-жылга карата 150 млн евро суммасындагы долбоорлор портфелин иштеп чыгууну улантуу макулдашылды.
Жолугушуу өз ара түшүнүшүүнүн позитивдүү маанайында аяктап, эки тарап тең Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлор боюнча активдүү иштөөгө даярдыгын билдиришти.
Пикир
Оставить комментарий