• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Данияр Амангелдиев: КР Соода компаниясы финансы агымдарын жөнгө салат

Экономика 0


Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. "Кыргыз Республикасынын соода компаниясы" ААК тышкы экономикалык ишмердүүлүктөгү финансы агымдарын тартипке келтирүүгө багытталган. Бул тууралуу маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Амангелдиевдин айтымында, компаниянын негизги акционери КР Экономика жана коммерция министрлиги болуп саналат. Компания өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн КР министрлер кабинетинин тескемесине ылайык негизделген.

Экономика министри соода компаниясына финансылык операцияларды, анын ичинде валюталык которууларды жана чет өлкөлүк контрагенттер менен эсептешүүлөрдү уюштуруу жана көзөмөлдөө, валюталык тобокелдиктерди тескөө жана финансылык туруктуулукту камсыз кылуу милдеттери жүктөлгөнүн белгиледи.

"Аталган компания Кыргызстандын аймагына товарлары кирбеген кыргызстандык компаниялар катышкан соода агымын көзөмөлдөө максатында түзүлгөн. Буга байланыштуу компания соода ишин тартипке келтирип, соода операцияларынын түрлөрү боюнча финансылык операцияларга мониторинг жүргүзүүнүн куралы катары кызмат кылышы керек", - деди министр.

Амагелдиев КР Улуттук банк башкармасынын токтомун аткаруу үчүн трансчекаралык төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби боюнча бардык суроолор боюнча Соода компаниясынын расмий сайтына кайрылуу керектигин белгиледи.

Компаниянын расмий сайтында кызыккан суроолор боюнча арыз түзүү мүмкүнчүлүгү бар: "Арыз" бөлүмүндө толтурулуучу талаалары бар форма ачылат.

КР Соода компаниясынын дареги: Бишкек шаары, Панфилов көчөсү 178, 4-кабат, №406 кеңсе.

Пикир

Оставить комментарий