• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү төмөндөгөнү белгиленди - статистика

Экономика 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасында байкоо жүргүзүлбөгөн (жашыруун жана формалдуу эмес) экономиканын өндүрүш тарабынан бааланган көлөмү 2020-жылы 125 млрд сомду же ИДПга карата 20,8 пайызды түзгөн.

Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам, 2020-жылы ИДПга карата байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшү өткөн жылга салыштырмалуу 2,7 пайыздык пунктка төмөндөдү.

Байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын ИДПга карата үлүшүнүн төмөндөшү дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (2,6 пайыздык пунктка), мейманканалар жана ресторандар (0,5 пайыздык пунктка), ошондой эле башка ишмердиктердин (0,2 пайыздык пунктка) чөйрөсүндө анын кыскарышы менен шартталган.

Байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшү

(ИДПга карата пайыз менен)

2020-жылы байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын 2016-жылга салыштырмалуу үлүшү 3,7 пайыздык пунктка төмөндөгөн, бул анын дүң жана чекене соода чөйрөсүндө анын үлүшүнүн (3,5 пайыздык пунктка) кыскарышы менен шартталган.

Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча байкоо жүргүзүлбөгөн экономика

(ИДПга карата пайыз менен)

Пикир

Оставить комментарий