• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Конституциялык соттун жамаатына жаңы төрага тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-февралда президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Медербек Сатыев. Конституциялык соттун жамаатына жаңы төраганы Осконбаев Эмил Жолдошевичти тааныштырды.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 2-февралында кол койгон Жарлыгына ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «КР судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Осконбаев Эмил Жолдошевич 5 жылдык мөөнөткө КР Конституциялык сотунун төрагасы болуп дайындалды.

Осконбаев Эмил 2011-жылдын 15-августунда КР Жогорку кеңеши тарабынан Жогорку соттун Конституциялык палатасына судья болуп шайланган, 2019-жылдын 1-июлунан тартып Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген, жогорку квалификациялык класстагы судья, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи.

Эскерте кетсек, буга чейин Дуйшеев Карыбек Арстанбекович өз каалоосу менен Конституциялык соттун төрагасы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган жана мындан ары Конституциялык соттун судьясы кызматында иштей берет.

Пикир

Оставить комментарий