• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Акылбек Жапаров россиялык лизинг компаниясынын башкы директору Дмитрий Ерошокту кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Өнөр-жайды өнүктүрүү боюнча улуттук лизинг компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Дмитрий Ерошокту (Россия Федерациясы) кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жол техникасын, бажы жана салыктык башкаруу үчүн аппараттык кассалык комплекстерди жеткирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын кыймылдуу курамын жаңылоо маселесин талкуулады.

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин россиялык компания менен жемиштүү кызматташууга даярдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Дмитрий Ерошок белгилегендей, лизингдик компания комплекстүү финансылык программаларды, анын ичинде инвестициялык жана авиациялык долбоорлорду ишке ашырууда чоң тажрыйбага ээ жана жакын арада керектүү жабдууларды жеткирип баштоого даяр.

Пикир

Оставить комментарий