• 88.68
  • 95
  • 0.95

Адылбек Касымалиев ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды.

Жыйындын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин органдарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алгачкы жыйынтыктары чыгарылып, 2023-жылы мүчө мамлекеттердин ортосундагы интеграциялык процесстерди кеңейтүү пландары талкууланды.

Үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында пезидент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына даярдык көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий