• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Министрлер кабинетинин башчысы «Чынгыз-Ордо» комплексинин курулушу менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 31.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Шекер айылындагы «Чынгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексинин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет.

Улукбек Марипов аталган долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин бекитилген долбоорго ылайык жүргүзүүнү тапшырды.

Бүгүнкү күндө арка жана тышкы жарыктандыруу устундары орнотулуп, унаа токтотуучу жайдын жана стелланын курулушу жүрүүдө, Жер-Эне объектисинде бетондоо иштери, граниттик плиталар менен жылмалоо иштери жыйынтыкталган.

Улукбек Марипов белгилегендей, Министрлер Кабинети келерки жылы курулушту улантуу үчүн калган сумманы бөлүү маселесин карамакчы.

Пикир

Оставить комментарий