Бишкек, 20.04.19. /Кабар/. "Дарак ыры" тасмасы Самарада (Россия) өткөн "Балдарга - кино" эл аралык кинофестивалда баш байге утту. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.
Бул боюнча тасманын режиссеру Айбек Дайырбеков социалдык тармактагы баракчасында пикирин калтырып, тасма баардык курактагы адамдарга түшүнүктүү экенин белгилеген.
"Калыстар тобунда балдар да болгон. Балдар тасмага татыктуу баасын беришти", - деп жазган режиссер.
Белгилей кетсек, учурда "Дарак ыры" тасмасы 18-26-апрель күндөрү Иранда өтүп жаткан "Фажр" эл аралык кинофестивалында көрсөтүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий