• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Аалам сулуусу 2017: Сынакка КРдин атынан аттанган сулуу Карыбекованын презентациялык ролиги (Видео)

Маданият 0


Бишкек, 18.09.17. /Айжамал Дуйшоева – Кабар/. 19 жаштагы Бегимай Карыбекова Кыргызстандын атынан “Аалам сулуусу 2017”, сынагына катышат. Сынак Кытайда 15-20-ноябрга чейин өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Карыбекова өзү билдирди.

“Даярдык жүрүп жатат. Мен, биздин өлкөнүн атынан татыктуу катышууга аракет кылам”,-деди ал.

Сынактын алдында Карыбекова презентациялык ролик даярдаган, аны режиссер Эрик Ибраев тарткан.

Эске сала кетсек, Карыбекова бир катар эл аралык сулуулар сынактарында катышкан. Мурда ал “Miss Tourism Eurasia” сынагында Гран-прини багындырган. Ошондой эле Кыргызстандын атынан “Top Model Of The World 2016” жана “Miss Intercontinental 2016” сынактарында да катышкан.

Пикир

Оставить комментарий