• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстанда эл аралык Оймо фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 24-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстанда июль айынын соңунда эл аралык салттуу “Оймо” фестивалы ачылат. Бул ирээт фестиваль 27-30-июль күндөрү Бишкекте жана 1-6-августта Чолпон-Атада өтөт.

Иш чара 2006-жылдан бери Бишкекте башталып, Ысык-Көлдө уланат.

Уюштуруучулардын билдиришинче, фетиваль өлкөдө кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, ата-бабалардын салтын улантуу, маданиятты сактап калуу ошондой эле, Ысык-Көлдү эл аралык экологиялык таза маданий туризм аймагына айлантуу максатын көздөйт.

Жарманкеге кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, сүрөтчүлөр жана кол өнөрчүлүктү “этно” стилинде чагылдырган таланттар чакырылат.

Талаптар:

1) өздүк өндүрүү ;

2) буюм колго жасалышы керек;

3) кол өнөрчүлүктүн салттуу технологиясын колдонуу;

4) эксклюзивдүү, оригиналдуу дизайн;

5) табигый материалды колдонуу;

6) заманбап базардын талабын эске алуу.

Кошумча суроолор үчүн 0312 62-03-85 телефонуна кайрылсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий