• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Дарыгерлер баспай каласың дешкен, бирок Ысык-Көлдөн Бишкекке чейин жөө келгем – саякатчы сүрөтчү

ТАГДЫР 0

Түрдүү адамдар менен бирге ар кандай багыттагы иштер жашообузда кездешет. Алардын бири акылга сыйбас, бири кызыктуу, айтор өнөргө бай адамдар арабызда аз эмес. Ушундай адамдардын бири Азамат Жаналиев кесиби архитектор болсо да саякаттайт, сүрөт тартат жана кыргыздын атын алыска таанытып келүүдө.

Азамат Жаналиев 62 күндө Кыргызстандын 7 облусун велосипед менен кыдырган. Сүрөт оригиналдуу болуш үчүн мык кагып, жип менен сүрөт тартат. Жөн сүрөт эмес өлкө башчыларынын портретин тартып белек кылат. Жакынкы күндөрдө айнекке Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтүн тарткан. Ошондой эле, 24-апрелдеги катуу шамалдын негизинде Ала-Тоо аянтындагы желек жерге түшүп калган. Жаналиев башка желекти кармап, таң атканга чейин аянтта болгон. Эмне үчүн желек кармап аянтта турганын, качантан баштап мык кагып, сүрөт тарта баштаганы жана башка суроого жооп алыш үчүн Жаналиевди кепке тарттык.

— Коомдо талкуу жаратып жаткан сиздин Ала-Тоо аянтында желек кармап, таң атканга чейин турганыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

— Үйгө келгенде Ала-Тоо аянтында желек түшкөнүн угуп калдым. Дароо эле жумушка барып, өзүмдүн желегимди көтөрүп аянтка келдим. Саат 12 чамасындан таңкы 6ларга чейин желек кармап турдум. Чоң желек келип көтөрүлгөндө гана үйгө кеттим. Бул атуулдук милдет де эсептейм. Бул иш менен бир пайыз болсо да жаштарды шыктандырып, мекенге болгон сүйүүсүн, патриоттук сезимин дагы да арттыруу болду.

— Мык кагып, жип менен сүрөт тартып келесиз. Бул иш менен алектенип калганыңызга эмне себеп болду?

—Велосипед менен Кыргызстанды кыдырып жүргөндө көптөгөн саякатчыларды көрүп жаттым. Ошондо менде бир идея пайда болду. Мен да алардай болуп саякат кылып жүрөм, бирок жөн эле убакыт өтүп жатат. Андан көрө артымдан тарыхый бир иш калтырайын дегем. Кыргызстанды кыдырып келген соң, Бишкекке келип “29-Күз” деген китебимди 29 жашымда жаздым. Андан соң Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн тартып чыктым. Бул идея менде 6-7-класста эле айылда окуп жүргөндө бар эле. Үйдү саман аралаш сокмо менен согуп сыртынан мыктарды кагып туруп зым чырмап жүргөм. Ошондо бул идея келген. Бала кездеги идеяларды ишке ашырыш үчүн эмгектенип жатам. Эң биринчи эмгегим 2 жыл мурун Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү болгон. Аны 3, 4 жумада жасадым. Толугу менен бир айда бүтүргөм. Ошол, артыман бир иш калтыруу, дүйнөдө эң уникалдуу сүрөт жаратуу максатым болчу.

— Негизинен кимдердин сүрөтүн тартканга басым жасайсыз?

— Тарыхый инсандардын портретин тарткым келет. Өлкө башчылардын сүрөттөрүн да тартып келем. Мындан 100 же 200 жыл өткөндө мунун баарын, 21-кылымдын инсандарын кыргызстандык бала тартып кеткен деп айтуусун каалайт элем. “Улуу кыргыз изи” долбоорунун башкы максаты жаңы тарых жаратуу. Маселен, ата-энелерибиз чоң аталарыбыз тиги согушка катышып келген деп айткандай мен да тарыхта калган иш жасап жатам. Кийин балам, неберем айтып, сыймыктанганын каалайм.

Владимир Путин, Петр I, Ахмад Кадыров, Саякбай Каралаев, Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга жана Дубай шейхинин сүрөттөрүн тарткам. Өз колум менен аларга белек катары бергем.

— Айнекке мык кагуу менен сүрөт тартуу идеясы кантип жаралды?

— Сүрөттү 100 жылга чейин сакташ үчүн эмне кылсам деген ой болгон. Ушул айнекти эксперимент кылып жасап көрдүм. Көптөн бери изилдеп жүрүп акыры ушундай эксперимент кылдым. Айнекке тартуу оор, көбүрөөк убакытты да алат. 3 жумадан бери Сүймөнкул Чокморов портретин тартуудамын. Азырынча окшошуп жатат. Бул иш өзгөчө ыкма менен кылынат.

— Сүрөткө буйрутмалар келип турабы?

— Буйрутма келип турат, бирок көп албайм. Бизнесмен, депутаттардан да келет. Атамдын, апамдын портретин жасап бербейсиңби деп. Мен буйрутма менен көп жасабайм. 98 пайыз эргүү менен жасайм. Мисалы, бул киши жагып жатса, ошонун сүрөтүн жасайм. Буйрутма менен кылганда кыйналып кетем.

— Бул өнөрдү окуткан шакирттериңиз барбы?

— Азыркы жаштардын түшүнүгү башкача. Анткени, Айтматовдун сүрөтүн тартып музейге бергенден кийин, кеңсе ачкам. Балдарга билгенимдин баарын үйрөтүп жаттым. Аларга болгон материалдарды алып берем, үйрөтөм. Грозныйга Кадыровдун портретин тапшырууга кетээрдин алдында, алар мага арыз жазышыптыр. Бизге акча төлөбөйсүз деп. Мен аларга үйрөтөм, материалды алып берем анан дагы акча беришим керек экен да. Өздөрү үйрөнүп алса өзүнөргө жакшы да. Андан кийин мен окуучуларды алган жокмун. Мага социалдык тармактардан көп жазышат. Мени үйрөткүлөчү же менин баламды, кызымды үйрөтө аласызбы деген каттар келет.Анан айтам, базардан мык алып каккылай бер, ошентип үйрөнүп кетесиң деп (күлүп).

— Кыргызстандын 7 облусун 62 күндө кыдырып чыккан элеңиз. Саякат жасоодо кыйынчылыктар болбой койсо керек?

— Эми башынан айтканда мен өмүрүмдө велосипед тепкен эмесмин. 4 жыл мурун кырсыктап жамбашымды сындырып алгам. Дарыгерлер сен болду баспайсың дешкен. Оор көтөрө албайсың жана башка көптөгөн чектөөлөрдү коюп койгон. Анан ошондон башталган. Акырындан жөө жүрө баштагам. Ысык-Көлдөн Бишкекке чейин жөө басып келгем. Тоолорго жалгыз кеткен учурлар да болгон. Өмүрүмдө палаткага жатпагандыктан кыйын болду. Жыгылып колу-бутумду кырсыктатып алган учурлар көп болгон. Ошого карабастан максат коюп кандай жол болсо дагы жетишим керек дегем. Биринчи, экинчи күнү велосипед тептим, үчүнчү күнү кыйнала баштадым. Төртүнчү күнү ооруп калдым. Өзүмө өзүм укол сайып көрбөгөм элем, укол да сайдым. Мындайча айтканда күрөш болду.

— Тоого же башка жерлерге жөө кетип калганыңызга каршы болгондор болдубу?

Жөө басып жүргөндө баары каршы чыккан элдин балдарындай болуп иштебейсиңби дегендер болгон. Ага карабай басып жүрө бердим анан велосипедке өткөм. Архитекторду элестетсеңиз, көйнөк, шым кийип алып офисте иштеген киши да. Мен архитектор болсом да башка жагынан кеттим. 7 облусун кыдыруу бала кездеги кыялым болчу. Ошондон улам велосипед менен Кыргызстанды кыдырып чыктым.

— Алдыда дагы кандай ой-максаттар бар?

— “Улуу Кыргыз изи” долбоору дүйнөдөгү 7 континенти басып өттү. Мисалы, тарыхта кайсы бир жылдары кыргыз эли басып өткөн жолдор бар эмеспи. Меники болсо жаңы, заманбап ыкмалар менен, ал учак, авто, велосипед иши кылып кандай жол болсо дагы, ошол мамлекеттерге баруу. Барып жүргөн бизнесмендер көп, меники болсо барам президенттин сүрөтүн тартып, тапшыруу. Ошонусу менен өзгөчөлөнөт. Азыр 12дей мамлекетке саякат кылдым. Саякаттоо менен 100 мамлекетти кыдырам деп максат коюп алгам.

— Маегиңизге рахмат, иштериңизге ийгилик.

Маектешкен Адил Төлөгөнов

Пикир

Оставить комментарий