Дарыканадагы реформа. Жыл соңуна чейин дагы 18 мамлекеттик дарыкана ачылат

Ден соолук 0

Бишкек, 30.05.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Калкты жеткиликтүү баадагы дары менен камсыздоо масатында өткөн жылдан тарта мамлекеттик “Эл Аман” дарыканалары ачыла баштаган. Бүгүнкү күндө алардын саны 82ге жетти. Эми жыл соңуна чейин дагы 18 дарыкана ачылат. Бул тууралуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын “Эл Аман” дарыкана тармагынын жетекчиси Замир Акаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

“Учурда “Эл Аман” дарыканалары республиканын бардык аймактарында ачылды. Алар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жана ооруканалардын алдында ачылып жатат. Негизги максат, кайсы оорукана болбосун дарыгерлер жазып берген дарылар менен бейтаптарды камсыздоо болуп саналат”, – дейт Замир Акаев.

Азыркы тапта “Эл Аман” дарыканаларынан 2 миңден ашуун дары-дармектин түрүн табууга болот. Буга чейин алардын саны 500дү гана түзүп келген. Эми муктаждык жараткан дарылардын санын дагы көбөйтүү максатында Кытай, Индия, Түркия мамлекеттери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий