• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Дастан Бекешов: “Эгерде президенттик шайлоолордо 2-тур болсо, ал жаңы жылга туш келип калат”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 2-май /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Эгерде президенттик шайлоолордо 2-тур болсо, анда ал жаңы жылга туш келип калат. Ошондуктан биз шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштап жатабыз”, - деп бүгүн “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам долбоорун парламенттик угуу учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү парламенттик угуулардын башкы маселеси – КР президентин шайлоо күнү. Конституциялык мыйзамга ылайык, президенттик шайлоолор ноябрдын үчүнчү жекшембисинде, тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында өтүшү керек.

“Бирок, биз эсепке албай койгон экенбиз. Эгерде шайлоонун экинчи туру болсо, анда экинчи турду өткөрүү жаңы жылга туура келет. Депутат Иса Өмүркулов шайлоону 15-октябрда өткөрүү сунушун киргизди”, - деди Д.Бекешов.

Ошондой эле, депутат шайлоо процесси башталган соң, бардык шайлоо участоктору шайлоочуларга шайлоого катышуу тууралуу билдирме берерин белгиледи. “Биз муну жоюуну сунуш кылабыз. Себеби билдирме берүүдө көп ката кетет. Учурда теле, радио жана интернет аркылуу эле маалымдоого болот”, - деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам долбоорун парламенттик угуулар өтүп жатат.

Парламенттик угууларга ЖМК өкүлдөрү, жарандар жана бирикмелер чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий