• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Мамипотекалык компаниянын Нарында куруп жаткан үйлөрүнүн баасы өтө жогору экенине нааразычылык айтылды

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 02.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 2-мартта КСДП парламенттик фракциясы КР Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат угушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Суроо жооп маалында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы куруп жаткан үйлөрдүн метр квадратынын баасы сынга алынды.

МИК программасынын алкагында Нарын облусунда курулуп жаткан туракжайдын 1 чарчы метри 39 миң сомду (570 АКШ доллары) түзөт. Ал эми күч түзүмдөрүнө чарчы метрин 350 АКШ доллар менен курулуп жатканын мисалга тарткан депутат Чыныбай Турсунбеков жогорудагы баа өтө эле жогору экендигин баса белгиледи. КР «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК)» төрагасы Бактыбек Шамкеев борбор калаада ички жасалгасы жок үйлөр эле 600 доллардын тегеретесинде курулаарын, күч түзүмдөрүнө панел үйлөр курулуп жатканын, Нарындагы үйлөр жер титирөөгө туруштук бере турган үйлөр экенин билдирди.

Фракция депутаттары Б.Шамкеевдин жообуна канааттанбай, МИК тарабынан курулуп жаткан үйлөрдүн баасынын коюлушунда маселе бар экенин айтып чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий