Дастанбек Жумабеков өкмөттүн отставкасына негиз жок деп эсептейт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков өкмөттүн отставкасына негиз жок деп эсептейт. Бул тууралуу ал журналисттер менен бейформал жолугушууда бир нече ишке ашпай калган долбоорлордон кийин өкмөттү отставкага кетүү боюнча берилген суроого жооп берип жатып билдирди.

“Мен азырынча өкмөттү отставкага кетүүрү боюнча эч кандай себеп көргөн жокмун. Апрель айында министрлер кабинетинен отчет кабыл алабыз. Жалпысынан алганда жалпы министрлер кабинетин жана өкмөт башчыны отставкага кетирүү чечимин парламенттин бардык депутаттары кабыл алат”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий