• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жогорку Кеңештин төрагасы кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.04.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Ардактуу мусулман бир туугандар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Орозо тутуу – мусулмандар үчүн он эки айда бир келген ыйык парздардын бири. Бул айдагы негизги максат тамактануудан гана баш тартуу эмес, сабырдуулукка, боорукердикке, кечиримдүүлүккө үйрөнүү жана жан-дүйнөнү аруулантуу болуп эсептелет. Өзгөчө Орозодо муктаждарга жардам колун сунуп, кайрымдуулук кылуу ыйык милдеттердин бири катары каралат. Ага ылайык, бул айдын адамзат үчүн мааниси өтө чоң.

Кымбаттуу мекендештер!

Мусулмандардын эӊ негизги эки майрамынын бири саналган Орозо айтта жакшы тилек-үмүттөр менен ак дасторкон жайылып, меймандостуктун жана кайрымдуулуктун бийик үлгүсү көрсөтүлөт. Андыктан, жер көктөп, айлана жаңыланган мезгилге тушкан келген быйылкы Орозо айында айткан бардык тилектерибиз кабыл болсун!

Туткан орозобуз өз максатына жетип, жакшылыктарга багыт берсин! Үйүбүзгө береке, элибизге ынтымак, жергебизге тынчтык орноп, өлкөбүз алдыга жылсын! Кайрымдуу инсандардын катары көбөйүп, ийгиликтерибиз артсын!

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм!

Айтыңыздар маарек болсун!"

Пикир

Оставить комментарий