• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Комитет Байсаловду Кыргызстандын Британиядагы элчиси катары дайындоого макул болду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 28.05.19 /Кабар/. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисин дайындоо маселеси каралды.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев аталган кызматка Эдил Байсаловдун талапкерлигин сунуш кылды.

Жогорку Кеӊештин тармактык комитети Байсалов Эдил Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындоого көпчүлүк добуш менен макул болушту.

Пикир

Оставить комментарий