• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Оштун борбордук Масалиев көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 21.04.23./Кабар/. Оштун борбордук Масалиев көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Объекттин узундугу 3 км, туурасы 25 метрди түзүп, курулуш иштерин кийинки жумадан тарта баштоо пландалууда.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мэр Бакытбек Жетигенов А.Масалиев көчөсүнүн Раззаков көчөсү (болжол "Каныкей эне" сейил багы) менен кесилишинен баштап, Шамшиев көчөсүнүн кесилишине чейинки бөлүгүн капиталдык оңдоодон өткөрүү (асфальт басуу, жол бордюрларын орнотуу, белги сызыктарын чийүү) боюнча техникалык кеңештин жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы тиешелүү кызматтарга жумуштун сапатына жана мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

График боюнча реконструкциялоо иштери ушул жылдын күз айларына чейин аягына чыгуусу керек. Белгилүү болгондой, жумуштун башталышында жолду реконструкциялоо жана кыймылдын схемасы жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий