• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Декабрдан тарта Бишкек – Москва багыты боюнча поезд каттамы жанданат

Коом 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. 3-6-сентябрь аралыгында кыргызстандык адистер Москва шаарында эл аралык жүргүнчү поезддеринин 2025-жылга карата кыймыл графигин иштеп чыгуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн темир жол администрацияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жыйынына катышты.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жыйынтыгында 2024-жылдын 18-декабрынан тарта Бишкек-Москва жүргүнчү поездинин ишин калыбына келтирүү боюнча Россия жана Казакстан темир жолдору менен макулдашылган чечим кабыл алынды. Бул багыт боюнча поезд жумасына эки ирет каттоосу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, аталган багыт боюнча поезд каттамы 2022-жылы Москванын транспорттук түйүнүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу Самара бекетине чейин кыскартылган.

Ошону менен бирге, 2025-жылы Бишкек – Казань багыты боюнча поезд жумасына бир жолу, ал эми Бишкек – Новосибирск багыты боюнча поезд 8 күндө бир жолу каттамын улантат.

Билеттердин сатылышы жана баалары тууралуу кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий