• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды

Коом 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 13-сентябрында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын негиздөөчүсүнүн бири, Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын депутаты Али Ихсан Арслан менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын маселелери талкууланды жана алакаларды мындан ары өнүктүрүү келечеги боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий